"Ислам мамлекети” тобунун чет элдик согушчандардан жанкечтилерди даярдоого жооптуу лидери, теги тунистик Тахар ал-Авни ал-Хазри 16-июнда Сирияда коалициянын авиачабуулу кезде өлтүрүлгөн. Пентагондун өкүлү, капитан Жефф Дэвистин 2-июлда билдиришинче, ал-Хазри согушчандарды жана куралдарды Ливиядан Сирияга ташууга жооптуу болгон, чет элдик согушчандарды Сириядан Иракка өткөрүүгө жардамдашкан. АКШ Мамдепартаменти ал-Хазрини глобалдык террорчулардын тизмесине кошкон жана чет элдиктерден өзүн-өзү бомба жардырып өлтүргөн согушчандарды даярдоодогу ролу үчүн “Жанкечтилердин амири” деп атаган.