Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

«Улуттар биримдиги» Уран Ботобеков боюнча кайрылуу таратты


Кайрылууда «Улуттар биримдиги» партиясы Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновдун журналист, «Улуттар Биримдиги» партиясынын аткаруу комитетинин жетекчиси Уран Ботобековду жана «Вечерний Бишкек» басма үйүн сотко беришин кескин түрдө айыптап, муну оппозициялык «Улуттар биримдиги» партиясына жана анын активдүү мүчөлөрүнө карата уюштурулган саясий куугунтук катары баалашкан.

“Таза шайлоодон жана чыныгы саясий атаандаштыктан корккон авторитардык бийлик бүгүн “Вечерний Бишкек” гезитин соттоо менен өлкөдөгү басма сөз эркиндигин чектеп, чындыктын оозун жабууга аракет жасоодо. "Улуттар биримдиги" президент А.Атамбаевден журналист, оппозициялык саясатчы Уран Ботобековго жана эркин басма сөзгө карата саясий куугунтукту токтотууну талап кылат!”,- деп айтылат кайрылууда.

Быйыл 30-апрелде "Вечерний Бишкек" медиа-холдингине караштуу kabarordo.kg сайтында "Улуттук оппозициялык кыймыл" уюмунун мүчөсү Уран Ботобеков менен маек чыккан. Анда айтылган айрым ойлорго байланыштуу Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов сотко берип, "ар-намысыма, беделиме жана репутацияма шек келтирди" деп 5 миллион сом доо талап кылууда.

Сот жообуна "Вечерний Бишкек" басылмасы, Уран Ботобеков жана маекти уюштурган кабарчы тартылууда. Сот жараяны 6-июнда улантылат. (AzK)

XS
SM
MD
LG