Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Премьер малина талаасындагы чырды териштирүү боюнча тапшырма берди


Премьер-министр Темир Сариев маалымат каражаттарына жарыяланган Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы британиялык фермерге кол салууга байланыштуу чырды иликтөө тапшырмасын берди. Ички иштер министрлиги аталган окуяны териштирип, жыйынтыгын коомчулукка маалымдайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сариев инвесторлордун коопсуздугун жана укугун коргоо боюнча өкмөт бардык аракеттерди көрүп жаткан учурда мындай окуялардын орун алышы Кыргызстандагы инвестициялык климатка терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Британиялык Александра Карпентер Кызыл-Туу айылында кароосуз жерди малина талаасына айланткандан кийин жергиликтүүлөр талаша баштаганы тууралуу журналисттерге билдирген эле. Александрага белгисиз бирөөлөр кол салып, атып да кетишкен. Азыр жарааты айыгып, абалы канааттандырарлык.

XS
SM
MD
LG