Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:42

Киевдин позициясы Москваны кыжаалатка салды


Киевдин жикчилдер менен сүйлөшүүдөн баш тартуусу Москваны тынчсыздандырды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-июлда Москвада сүйлөп, муну менен украин бийликтери “мунасага келе албасын шарданалады” деди. Украинанын Конституциясына сунуш кылынган өзгөрүүлөр февралда Минскиде кол коюлган тынчтык келишиминин “бир да талабын” сыйлабасын айтып, Батышты Украинага кысым жасап, Минск келишимин аткартууга жана жикчилдер менен түз сүйлөшүүгө бардырууга да чакырды. Донбасстык жикчилдер президент Порошенко Конституция боюнча сунуш кылган өзгөрүүлөрдө алардын пикири угулбады дешип, октябрда жергиликтүү шайлоо өткөрмөк болуп жатышканын жарыя кылышты.

XS
SM
MD
LG