Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Copa America-2015: Перу 3-орунду алды


Перу курамасы жеңишин майрамдоодо
Перу курамасы жеңишин майрамдоодо

Латын Американын футбол боюнча чемпионатында үчүнчү орун үчүн оюн өтүп, Перу Парагвай менен ойноду. Оюн жүрүшүндө демилгени алган перулуктар ишеничтүү жеңишти алып кетишти. Жалпы эсеп 2:0 болуп, Перу өлкөсү колону утуп алды. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн курамалары буга чейин Аргентина жана Чилиге утулушкан болчу. Натыйжада эртең финалдык таймаш болмокчу.

Чили жана Аргентина Латын Америкада кайсы өлкө күчтүү деген наамды талашат. Белгилей кетсек, учурдагы чемпионат Чилиде өтүп жаткандыктан, өз дубалы жардам берет деп эксперттер айтышканы менен Аргентинада Лионел Месси башында турган мыкты оюнчулар курамга чогулган. Финалдык оюн Чилинин борбору Сантьяго шаарында өтөт. (SJu)

XS
SM
MD
LG