Ченемден тышкары ысык аба ырайынан кийин 5-июлда мезгил-мегили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоо этектеринде нөшөр төгүшү күтүлүүдө. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жетет. 6-июлда кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. 5-6-июлда абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 27…32 градуска чейин, тоо этектеринде 18…23 градус, тоолуу райондордо 3…8 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. 5-7 июлда күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18....23, күндүз 25....30;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3....8, күндүз 17....22;
Ош, Жалал-Абад аймактарында 20....25, күндүз 28....33;
Баткен облусунда түнкүсүн 18....23, күндүз 27....32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13....18, күндүз 18....23;
Нарын облусунда түнкүсүн 11....16, күндүз 18....23;
5-июлда Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 7-12 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 27…29 градус жылуу болушу күтүлөт. (КЕ)