Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Премьер-министр Бишкек ТЭЦин оңдоо иштерин мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды


Бүгүн премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда мамлекеттик органдардын жана отун-энергетикалык комплекс ишкана жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Ал Энергетика жана өнөр жай министрлигине жана “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилигине бардык оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө бүтүрүү жана отун камдоону жылытуу мезгили башталганга чейин жүргүзүү тапшырмасын берди. Мындан сырткары Бишкек жылуулук электр станциясын модернизациялоо жана буу казандар цехин демонтаждоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек ЖЭБди реконструкциялоону кытайлык ТBEA компаниясы ишке ашырууда. Бул багытта мамлекеттик кепилдик боюнча 389 млн. доллар бөлүнгөн. План боюнча борборду модернизациялоо иши 2017-жылдын соңуна чейин бүтүшү керек. Мындан соң, ЖЭБ өз кубаттуулугун 812 МВт чейин жогорулатат, учурда анын кубаттуулугу болгону 360 МВт түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG