Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Клинтон Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү болоруна ишенет


АКШнын экс-мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон
АКШнын экс-мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон

АКШнын экс-мамлекеттик катчысы, Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер Хилари Клинтон Тегерен менен алтылыктын ортосунда Ирандын ядролук программасынын алкагындагы сүйлөшүү ийгиликтүү жыйынтыкталарына ишенерин билдирди. Ал бул тууралуу жума күнү Хановер шаарында өзүнүн тарапкерлери менен жолугушууда билдирди. Бирок ал алдыда дагы көп иш жасоо зарылдыгын кошумчалады.

Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча корутунду келишимге Иран жана дүйнөнүн бакубат алты мамлекети 30-июнда кол коёру айтылган. Бирок АКШ Мамкатчысы Жон Керри Иран менен келишим түзүлөт деп айтууга "өтө эле эрте" экенин эскерткен. Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү 30-июндан кийин да улантыларын билдирген болчу. Ал эгер келишим түзүлсө, санкция алынып салынат, эгер келишим аткарылбаса санкция автоматтык түрдө кайра колдонула баштай турганын эскерткен.

Иран уранды ядролук бомба жасоо үчүн эмес, электр энергиясын өндүрүү жана медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында байытканын айтып жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG