Украинанын чыгышында минага кабылып беш аскер өлдү, үч аскер жараат алды. 5-июлда Коргоо министрлигинин өкүлүнүн маалымдашынча, окуя жикчилдер көзөмөлдөгөн Луганск шаарынан 50 чакырым батыштагы Донецк кыштагында болду. “Коогалаңдуу аймакта кырдаал татаал бойдон калууда. Козголоңчулар чабуулду улантууда. Бирок, ал мурдагыдай интенсивдүү эмес”, - деп билдирди А. Мотузяник.
Жикчилдер өкмөттүк күчтөрдүн Лугансктын түндүгүндөгү кыштактардагы өңүттөрүн да оор куралдардан аткылашкан.
Жикчилдер украин армиясын акыркы 24 саатта ок атышпоо келишимин 32 ирет бузду деп күнөөлөштү.