Полициянын маалыматы боюнча, борбор калаанын сыртындагы шииттер жайлаган айылдарда бомбадан кеминде 15 киши өлдү. Ал эми кафеге коюлган бомбадан 4 киши набыт болуп, 14 адам жаракат алган. Ошондой эле Багдадга жакын жайгашкан Жиср Диялда аялдамага коюлган бомбадан төрт киши өлүп, тогузу жаракат алган.