Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Экотехинспекция өрттү алдын алууга чакырууда


Этиятсыздыктан чыккан өрт. Кыргызстан, август, 2014-жыл
Этиятсыздыктан чыккан өрт. Кыргызстан, август, 2014-жыл

Кыргызстандын Экология жана техникалык жактан коопсуздук инспекциясы жарандарды тарсылдактарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.

Мамлекеттик экотехинспекциянын өрткө каршы туруу башкармалыгы жарандарды тарсылдактарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактап, өрт чыгуусунан сактанууга чакырды. Маалыматка ылайык, тарсылдактарды турак жайларга жакын жерлерде, чөптөр кургап калган аймактарда жана башка бат күйүүчү заттар бар жерде жардырууга тыюу салынат. Шаар сыртына чыгып эс алуу учурунда жагылган отторду да убагында толук өчүрүп кетүү зарылдыгы эскертилди. Айрым учурларда күн катуу ысыганда оттун учкуну чоң өрттүн келип чыгуусуна себепкер болуп калууда.

Жакында эле Бишкектин түштүк тарабындагы "Ала-Тоо" оюн-зоок борборунда аттырылган тарсылдактардан улам, тоо этегиндеги кургаган чөптөр күйүп, өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен өчүрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG