Быйыл январь-май айлары аралыгында Кыргызстан мамлекеттик карыздарды төлөө үчүн 5 млрд. 383 млн. сомдон ашуун каражат сарптады. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлайт. Анын теңинен көбү сырткы, бир бөлүгү ички карыз үчүн жумшалды.
Расмий маалымат боюнча, ушул тапта өлкөнүн мамлекеттик карызы 3 млрд. 594 млн. АКШ долларын түзөт. Анын 200 миллиондон ашууну ички, калганы сырткы карыз болуп эсептелет. (SE)