Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Эркектер жылаңачтаган кыздын окуясы иликтенүүдө


Интернетте бир топ жигиттер тарабынан суракка алынып, мазактоого тушуккан кыздын окуясын милиция териштирип жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, видео Орусияда тартылган.

Апта башында интернетте бир топ эркектер 19 жаштагы кыргыз кызды жылаңачтап алып, башка улуттун эркектери менен интимдик мамилеге барганы үчүн жазалап жатканы тартылган видео тараган. Кыз Баткендин тургуну экенин айтып, жигиттерден кечирим сураган.

Окуя жакынкы күндөрү болгону божомолдонуп жатканын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин Орусияда бир катар кыргыз кыздары башка улуттагы эркектер менен жүргөнү үчүн мекендеш жигиттери тарабынан ур-тепкиге алынган окуялар көп катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG