Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Нью-Йорктун товардык биржасында мунай баасы түшүп кетти


Дүйшөмбү күнү кечки жыйынтыктарга карай, Нью-Йорк товардык биржасында мунайга карата баа 8 пайызга төмөндөдү. Бул үч ай ичиндеги эң төмөнкү нарктын түшүп кеткен учуру.

Мунай баррели 52 доллар 53 центтен эсептелсе, “Брент” маркасындагы мунайдын баррели 56 доллар 54 центтен түштү.

Буга чейин «мунай баасы көтөрүлөт» деп кабарлап жаткан айрым инвесторлорго бул жооп болду. Иран болсо өзөктүк курал боюнча келишимдер ишке гана экспортун көбөйтүү тууралуу билдирүү таратты.

The Wall Street Journal гезити адистердин пикирин келтирип, жакын арада мунайдын баррели 50 долларга чейин арзандашы мүмкүндүгүн болжолдоодо. (ErN)

XS
SM
MD
LG