Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Жалал-Абадда жарандардан ири көлөмдө экстремисттик каражаттар табылды


Тинтүүдө табылган айрым китептер.
Тинтүүдө табылган айрым китептер.

Облус аймагында диний кастыкты козутуп, эл арасында туура эмес үгүт иштерин жүргүзүп жаткан атуулдарды аныктоо максатында милиция кызматкерлери өткөн жума соңунда атайын операция жүргүздү.

Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Аксы райондорундагы рейддин алкагында “Хизб ут-Тахрир” диний экстремистик уюмуна мүчө деп шектелгендердин турак-жайлары тинтүүгө алынып, 595 даана далил буюмдар табылганын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев “Азаттыкка” билдирди:

- Алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтардын негизинде тинтүү жүргүзүлдү. 600гө жакын далил-буюмдун ичинде 227 даана диний чакырык жазылган баракчалар бар. Андан сырткары, китептер, аудио, видео каражаттар, ноутбуктар табылды. Жалпысынан 21 үй текшерилди.

Учурда аталган фактылар боюнча экспертиза дайындалып, алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG