Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча корутунду келишимге жетүү максатын көздөгөн Венадагы жыйында алты бакубат өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен Иран бийликтери бир пикирге келе албай жатат. Алар макулдашууда Ирандын баллистикалык куралды өндүрүү жагдайын келише элек.
Венада келишим кабыл алынса, Ирандын ядролук ишмердигин чектеп, өлкөнү эл аралык санкциялардан бошотууга жол ачыш керек. Келишим бүгүн кечке чейин кабыл алынмакчы болгон.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Венада журналисттерге маек берип, эки тарапта дале "айрым бир айырмачылыктар" калып жатканын билдирди.
АКШ мамкатчысы Жон Керри да кечээ сүйлөшүүлөрдө "реалдуу прогресс" болгонун, бирок айрым татаал маселелер калып жатканын айтты.
Иран менен сүйлөшүп жаткан алты деражавага АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.
Бул өлкөлөр Иранды ядролук программасын чектөөгө ынандырып, анын ордуна Тегеранга каршы киргизилген эл аралык санкцияларды алып салууга көндүрүүнүн аракетин көрүшүүдө. (ErN)