Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

6-июлдагы чатак Кыргызстанга тиешелүү аймакта болгон


Кыргыз-тажик чек арасы
Кыргыз-тажик чек арасы

Бул вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев менен тажик президентинин жардамчысы Шералы Хойруллоевдин кечээги жолугушуусунда аныкталды.

7-июлда тараптар жолугушуп, 6-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуянын себептерин, жүйөлөрүн талкуулашты. Сүйлөшүүдө чатак Кыргызстандын аймагында, шарттуу түрдө сызылган чек арадан 80 метр ичкериде болгону такталды. Тараптар бул окуяны эки өлкөнүн тиешелүү структураларынын катышуусунда тыкыр иликтөөнү макулдашты.

Кыргыз өкмөтүнүн аппараты маалымдагандай, Кыргызстан менен Тажикстан мурдараак чек арада ок чыгарбоо тууралуу келишкен. Бирок ага карабай, 6-июлда болгон окуяда эки тараптын чек арачылары бирден ок чыгарышып, натыйжада тажик жараны ок жеп каза болгон. Кечээги сүйлөшүүдө эки тараптын чек арачыларына аймакта өзүн алып жүрүү боюнча кошумча сабак өтүү милдеттендирилди. Ошондой эле жолугушуунун аягында кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатакка жол бербөө максатында көрүлүүчү чаралар тууралуу эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин жолугушуусун уюштуруу макулдашылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG