Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Ботобековдун адвокаты соттун чечимине макул эмес


УОКтун саясий кеңешинин мүчөсү Уран Ботобековго карата Свердлов райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча адвокаттар Бишкек шаар сотуна кайрылат. Бул тууралуу Ботобековдун коомдук жактоочусу Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдирди. Адил Турдукулов райондук соттун чечимин бийликтин буюрутмасы деп атады.

Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова кечээ УОКтун саясий кеңешинин мүчөсү Уран Ботобековго карата Президенттик аппарат башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновдун арызын жарым-жартылай канааттандырып, Уран Ботобеков ага 1 млн. 800 миң сом төлөп берсин деп чечим чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG