Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Памела Андерсон Путинге кат жазды


Актриса Памела Андерсон орус президенти Владимир Путинге жазган ачык катын жарыялап, Исландиядан сейрек кит - финвалдын этин алып келе жаткан кемени токтотуусун өтүндү.

Жаныбарларды коргоочу катары белгилүү актрисанын маалыматы боюнча Исландиядан Түндүк деңиз жолу менен келе жаткан Winter Bay кемесинде дээрлик 2 миң тонна финвал китинин эти бар. Жүк Жапонияга багыт алган.

Буга чейин кеменин Суэц жана Панама каналдары аркылуу өтүүсүнө тыюу салынган болчу. Анткени, финвал китине аңчылыкка тыюу салынган, кемедеги жүк сейрек флора менен фаунаны сатууга тыюу салган Эл аралык конвенцияга каршы келет.

Катта белгиленгендей, ушундан улам кеме Түндүк деңиз жолу менен өтүүгө аракет кылып, бул үчүн Орусиядан уруксат күтүүдө.

Андерсон өз катында президент Путинди Орусия аркылуу мыйзамсыз жүктү алып өтүүгө уруксат бербөөгө чакырган.

Финвал кити – сейрек кездешүүчү көк киттердин түрүнө кирет. 20-кылымда алар дээрлик жок болуу чегине жеткенин, буга байланыштуу 1984-жылдан тарта аларга аңчылык кылууга дүйнө жүзү боюнча тыюу салынган. Бирок Исландия 2006-жылы финвалдын этин сатууну кайра жанданткан. Жапония болсо бул киттин этин сатып алууга даяр өлкөлөрдүн ичине кирет.

XS
SM
MD
LG