Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

"Торугарт" жана "Эркеч-Там" пункттарына үзгүлтүксүз интернет өткөрүлөт


Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин "Торугарт" жана "Эркеч-Там" бажы пункттары үзгүлтүксүз интернет жана байланыш менен камсыз болот. Бул багытта ишти тездетүүнү премьер-министр Темир Сариев өкмөттө өткөн жыйында талап кылды.

Жыйында ЕАЭБге кирүүгө аз калганы, андыктан чек аралардын ачылышына бардык мамлекеттик органдар даяр турушу керектиги айтылды. Атайын техникалык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосундагы маселе талкууланды.

ЕАЭБге азыр Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Кыргызстандын ага кошулуусу үчүн тиешелүү документ мүчө өлкөлөрдүн дээрлик бардыгынын парламенттеринде ратификацияланды, болгону Казакстандын Сенаты гана калды. Андан кийин ага президенттер кол коюп, Тышкы иштер министрликтери тиешелүү процедураларын жүргүзгөндөн кийин Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп, жарандардын, товардын чек арадан тоскоолдуксуз өтүп турушуна жол ачылат. (RK)

XS
SM
MD
LG