Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:19

Казакстан менен Индия бир катар келишимдерге кол коюшту


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди. Астана, 8-июль, 2015
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди. Астана, 8-июль, 2015

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Казакстанга жасаган эки күндүк расмий сапарынын алкагында коргонуу жана аскерий-техникалык кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, Казакстандын Башкы прокуратурасы жана Индиянын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн аймагында соттолгон жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү боюнча келишимге жетишишти.

Индиянын премьер-министри Модинин Борбор Азия өлкөлөрүнө сапары 6-июлда башталган. Буга чейин ал Өзбекстанда болду. Казакстандан кийин 8-9-июлда Орусиянын Уфа шаарында өтө турган БРИКС жана ШКУ уюмдарынын саммитине катышат. Андан соң Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикистанга расмий сапарын улантат.

Буга чейин ШКУда байкоочу макамында турган Индия быйыл бул уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп калышы мүмкүн.

БРИКСтин эки күндүк саммити бүгүн Уфада башталат.

XS
SM
MD
LG