Нарын шаардык Төрөт үйүндө былтыр болгон окуя Жогорку Сотто териштирилет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган мекеменин маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.
Былтыр апрель айында ичинде чарчап калган 6 айлык ымыркайы менен келген келин Миргүл Жумалиева Төрөт үйүндө көз жумган. Кылмыш иш бир жыл тергелип, сот быйыл апрелде болгон. Нарын шаардык соту иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен аны кыскарткан. Жабыркаган тарап буга макул болбой облустук сотко кайрылган.
Облустук сот тиешелүү жардам көрсөтүлбөгөндүктөн окуя өлүм менен аяктаганына айыптуу деп 23-июнда төрөт бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Барчынай Темированы күнөөлөгөн, бирок аны жаза жоопкерчилигинен бошоткон.
Темирова шаардык сотко көзөмөл арыз менен кайрылган.
Каза тапкан келиндин 6 баласы жетим калды. (RK)