Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Ципрас: Греция Евробиримдиктен чыкпайт


Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас шаршембиде Европарламентте сүйлөп жатып, 9-июлда жаңы экономикалык реформалардын планын сунуштай турганын билдирди. Афины бул реформаларды Евробиримдиктен үч жылдык жардам пакетин алуу үчүн өткөргөнгө даяр.

Ципрастын айтымында, биринчи кадам катары Греция кийинки аптадан баштап пенсия жана салык жаатында реформаларды баштайт.

Кийинки жыйынга Евробиримдиктин лидерлери 12-июлда чогулат.

5-июлда өткөн референдумда грециялык шайлоочулар бюджеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча эл аралык кредиторлордун талабын көпчүлүк добуш менен колдогон эмес.

Бул талапка шайлоочулардын 61% көбү каршы чыгып, 39% колдогону бюллетендердин 95% саналгандан кийин айкын болду. 5-июлдагы “тарыхый” деп аталган референдумга грек шайлоочуларынын 62,5% катышкан эле.

XS
SM
MD
LG