Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Көпчүлүк коалициянын лидери президентке кайрылды


Кыргызстандагы башкаруучу коалициянын жана “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, парламенттик шайлоо өткөрүүнү 1-ноябрга бекитүүнү сурады.

Кайрылуусунда Кулов “азыркы парламенттин Конституциялык мөөнөтү шайлоо болгон күндөн тартып эмес, БШК тарабынан катталган күндөн тартып эсептелет” деп белгилеп, “ушундан улам, Жогорку Кеңеш мыйзамдуулук жана адам укуктары комитетинин чечимин эске алуу менен парламенттик шайлоонун күнүн 1-ноябрга бекитүүнү карап көрүүңүздү суранам” деп жазган.

Буга чейин БШК парламенттик шайлоо 24-октябрда болору күтүлүп жатканын билдирген.

Жакынкы күндөрү мамлекет башчы парламенттик шайлоонун так күнүн аныктайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG