Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:36

Илмиянов эми 10 млн. сомдук доо айып өндүрүү өтүнүчү менен сотко кайрылды

Президенттик аппарат башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов бул жолу “Вечерний Бишкек” басылмасын сотко берип, “ар-намысына, беделине жана репутациясына” шек келтиргени үчүн 10 млн. сом өндүрүп берүүнү сураган.

Бул тууралуу “Вечерний Бишкек” басылмасы жазып чыкты. Илмиянов аталган басылманын 17-апрелдеги президент Алмазбек Атамбаевге жазган кайрылуусу “ар-намысына, беделине жана репутациясына” шек келтирет деп билдирген.

Икрамжан Илмиянов буга чейин “Вечерний Бишкек” басма үйүн сотко берип, анда жарыяланган маек үчүн kabarordo.kg сайты менен маектин автору Уран Ботобековдон 5 млн. сом өндүрүп берүүнү сураган. Свердлов райондук соту 7-июлда арызды карап, Илмияновдун пайдасына 1 млн. 800 миң сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

"Вечерний Бишкек” басылмасы 17-апрелде президентке жана коомчулукка кайрылуу жасап, анда Акаев, Бакиев тушундагыдай башкаруу режими калыптанып жатканын, азыр бардык мамлекеттик иштерде Президенттик аппарат башчынын ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов, президенттин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турары, бул ишке президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов да катыштыгы болушу ыктымалдыгын жазган эле. Көп өтпөй Илмиянов кызматынан өз арызы менен бошоп кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG