Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Ноокатта сейил бактагы дарактар мыйзамсыз кыйылып жатканы айтылууда


Ноокат районундагы "Кыргыз Ата" улуттук сейил багында бир нече жылдан бери өсүп турган 100дөн ашуун арча кыйылып кеткени аныкталды. Жергиликтүү тургундар бул үчүн сейил бактын директору Үсөн Мурзакуловду жоопко тартуу талабы менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековго, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттикке кайрылышты.

Маалыматтарга караганда, Мурзакуловдун үстүнөн буга чейин да даттануулар болуп, ага 200 миң сомго жакын айыппул да салынган.

Мурзакулов айыппул тууралуу айтылган сөздөр чындыкка дал келбестигин, ал эми кыйылган арчаларга байланыштуу күч органдары иликтеп жатканын, жыйынтыгы текшерүүдөн кийин чыгарын “Азаттыкка” билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG