Иран жана алтылык ядролук сүйлөшүүнүн эң оор этабын баштады. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 9-июлда БРИКС өлкөлөрүнүн Уфадагы саммити кезде кабарчыларга маалымдап, Р5+1 (АКШ, Британия, Орусия, Кытай, Франция жана Германия) Тегеран киргизген жаңы сунушту талкуулоодо деди.
Тышкы иштер министри С. Лавровдун билдиришинче келишимди түзүүгө тоскоолдук жок, бирок сапаттуу келишимге жетишүүгө убакыт тар.
Президент Барак Обама 8-июлда Ак Үйдө конгрессмендер менен болгон жабык жыйында айтышынча, макулдашылган мөөнөттө же10-июлга чейин Ирандын ядролук программасы боюнча келишимге жетишүүгө кеми 50% шанс бар.