Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Лавров: БУУнун Иранга каршы курал эмбаргосу токтотулууга тийиш


Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү өтүп жаткан имарат. Вена. 7-июль 2015
Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү өтүп жаткан имарат. Вена. 7-июль 2015

Улуттар уюму Иранга каршы курал эмбаргосу, Венада өтүп жаткан ядролук сүйлөшүүдө корутунду келишимге кол коюлгандан кийин мүмкүн болушунча тез токтотулушу керек. Мындай пикирин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Уфада билдирди:

"Биз курал эмбаргосун болушунча тез токтотууну жактайбыз. Себеби, Иран “Ислам мамлекети” тобуна каршы согушту, анын коркунучун региондо жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө жок кылууну ырааттуу колдоп келет. Эмбаргону алып салуу Ирандын терроризмге каршы согуштагы аскердик мүмкүндүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет",- деди Лавров.

Лавров Ирандын ядролук программасы боюнча Венада өтүп жаткан сүйлөшүүдө корутунду келишимдин акыркы пункттары такталып жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG