Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 15:30

Аксыда күйдүргү жуктурганы айтылган сегиз адам ооруканага түштү


Жалал-Абаддын Аксы районунда күйдүргү оорусун жуктурду деп шектелген сегиз адам ооруканада жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Алар райондук оорукананын жугуштуу дарттар бөлүмүндө атайын шартта дарыланууда. Бардыгы Ак-Суу айыл аймагындагы конуштардын тургундары.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, оору Жаңы-Талап жана Ак-Сай айылында союлган малдын этинен жуккан болушу ыктымал. Шектүү аймактарда ветеринардык жана фитосанитардык кызматтын адистери тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG