Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Казакстан 36 демократиялуу өлкөгө дарбазасын кенен ачат


Казакстан-Кыргызстан чек арасындагы Кордай чек ара бекети.
Казакстан-Кыргызстан чек арасындагы Кордай чек ара бекети.

Казакстан 2017-жылдан тартып Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна (кыскача ЭКӨУ) мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн эркин виза режимин киргизүүнү мерчемдөөдө. 9-июлда Астанада тышкы иштер министринин биринчи орун басары Рапил Жошубаевдин билдиришинче, эркин виза режими Малайзия менен Сингапурдун жарандарына да берилет.

ЭКӨУга АКШ, Британия, Франция, Германия, Канада, Австрия, Швейцария, Жапония, Түркия, Израил, Мексика, Норвегия, Швеция, Испания, Португалия, Италия, Түштүк Корея, Нидерландия, Люксембург, Австралия, Жаңы Зелландия, Чехия, Словакия, Эстония, Венгрия, Польша, Словения, Дания, Исландия, Чили, Финляндия, Ирландия жана Греция мүчө.

XS
SM
MD
LG