Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Венада Ядролук келишимдин акыркы пункттары такталууда


Дипломаттардын айтымында, Ирандын ядролук программасы боюнча келишим түзүлөт деген ишеним бар, бирок азырынча олуттуу жылыш жок. Венадагы сүйлөшүүдө АКШ, Британия, Орусия, Кытай, Франция жана Германия Тегерандын уранды байытуусун чектеп, анын ордуна Иранга каршы санкцияны алып салчу келишимдин үстүнөн иштешүүдө.

Келишим 9-июлда түзүлбөсө, АКШ Конгресси аны кароо мөөнөтүн эки эсе узартат. Бул АКШнын санкциясын алып салуу мөөнөтүн кечеңдетет.

9-июлда АКШнын энергетика министри Эрнест Мониз Ирандын ядролук программасынын башчысы Али Акбар Салихи менен кездешүүгө баратып, “биз колдон келсе, акыркы маселелерди чечебиз” деди. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков тараптар бекем эркин көрсөтө алса, жакынкы сааттарда келишим жетишилет деген ишенимин билдирди. Бирок Иран медиасы ирандык расмийлерге шилтеп, 9-июлда келишим түзүлөрү күмөндүү деп кабарлады.

XS
SM
MD
LG