Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

БРИКС лидерлери Чыгыш Украинадагы абалга тынчсызданганын билдирди


БРИКСтин лидерлери декларацияга кол коюшууда. Уфа, 9-июль 2015
БРИКСтин лидерлери декларацияга кол коюшууда. Уфа, 9-июль 2015

БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Уфада кабыл алган декларацияда Украинанын чыгышындагы жаңжалга “терең тынчсыздануу” билдиришти. Кайрылуу украин өкмөтүн жана москвачыл жикчилдерди элдешүү боюнча февралда кол коюлган келишимдин шартын сактоого да чакырат.

Береги келишимге Украина, Орусия, козголоңчулар, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму кол коюшкан. Бирок Киев жана Батыш Москваны жикчилдерди аскерий жактан колдоодо деп айыптап келет. БРИКС лидерлери Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү келишим менен аяктайт деген ишенимин билдиришти.

БРИКСке Бразилия, Индия, Орусия, Кытай, Түштүк Африка республикасы кирет.

XS
SM
MD
LG