Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Милиция Бишкекте сойкулук кылган 50дөй кызды кармады


Баш калаанын көчөлөрүндө денесин сатып акча тапкан 50гө чамалуу кызды 10-июлга караган түнү милиция атайын рейддин алкагында кармады. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенден соң бошотулду. Алардын баарын сүрөткө тартып алышты жана аты-жөнү менен жашаган даректери такталды.

Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаевдин айтымында, кармалган кыздардын баары көчөдө иштешет. Ал эми сауна же батирлерде иштеген кыздарга өзүнчө рейд жүрөт.

Бүгүн милиция Бишкектин көчөлөрүнө экинчи ирет рейдге чыгат. Эгер кечээ эскертүү алгандар кайра жүргөн болсо, сотко өткөрүлөт.

Күч органдарынын божомолунда Бишкекте күн сайын 500дөн ашуун кыз сойкулук менен алектенет. (SE)

XS
SM
MD
LG