Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Жалал-Абадда кымыз майрамы өттү

Жалал-Абаддагы кымыз майрамы.
Жалал-Абаддагы кымыз майрамы.

Шаардын борбордук аянтына боз үйлөр тигилип, 9-июлдун кечинде кымыз майрамы уюштурулду. Анын алкагында облустун түрдүү район-шаарларынан алынып келинген кымыздын түрлөрү жармаңкеге коюлду. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү да өттү. Анын максаты - облустагы көп улуттуу элдин өкүлдөрүнө улуттук даамдарды даңазалоо болуп эсептелет.

Майрамдын жүрүшүндө кымыз ичүүчүлөрдүн сынагы өтүп, концерт тартууланды.

Иш-чара бейшембиде Жалал-Абадда башталган I эл аралык бизнес форумдун алкагында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Жалал-Абадда алгачкы “Кымыз майрамы” 2013-жылы өткөрүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG