Баш калаада милиция кийимин кийген кишилер тарабынан сабалып, ооруканага түшкөн адамдын окуясы иликтенип жатат. Шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аны Свердлов райондук милициясы териштирүүдө.
Маалыматка караганда, 9-июль күнү чак түштө ишкерлик менен алектенген жергиликтүү тургунду милиция кийиминдеги адамдар күч колдонуп, унаага салып кетишкен. Чөнтөгүндөгү 2 жарым миң долларын алып, денеси көгала абалында көчөгө калтырышкан. Кол салгандардын колунда курал бар экени айтылууда. (SE)