“Кыргызгидромет” ишканасы 12-16-июль күндөрү ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлүп жатканын билдирди. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 41, тоо этектеринде 35, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 34 градуска чейин ысык болот.
Дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн суудан өксүтпөө сунушталат. (SE)