Индия жана Пакистандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери кездешет. Жаңы Делиде болчу жыйында терроризм маселеси талкуулана турганын айтты 10-июлда Индиянын тышкы иштер министринин орун басары.
Жарыя Индия жана Пакистан премьер-министрлери Уфадагы регионалдык саммитке жолуккан соң жасалды. Нарендра Моди жана Наваз Шариф 2008-жылы Мумбайда болгон чабуул боюнча сот тездетилсин деп макулдашты.
Моди Шарифтин 2016-жылы Исламабадда болчу регионалдык саммитке чакыруусун кабыл алды, деди Субраманиян Жайшанкар. Бул Модинин Пакистанга жасаган тунгуч визити болот. Эки өлкө 1947-жылы британ оторчулугунан кутулгандан бери Кашмир үчүн төрт ирет согушкан. Индия Пакистанды кашмирдик жикчилдерди куралдандырууда деп айыптап келет. Исламабад аны куру жалаа ирети четке кагып жүрөт.