Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Ботобековду коргоо кыймылы келерки аптада жыйын курат


Аксынын Жаңы-Жол айылында түзүлгөн Уран Ботобековду коргоо кыймылы 14-июлда жыйын куруп, сот чечимине каршы экендиктерин айтышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков билдирди.

Бүгүн Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековдун айылдаштары аны коргоо комитетин түзүштү. Жетекчиси болуп Керимкул Райымбеков шайланды. Комитет мүчөлөрү президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов Ботобековду сотко берип, утуп алганын бийликтин тапшырмасы катары сыпатташууда.

Быйыл 30-апрелде "Вечерний Бишкек" медиа-холдингине караштуу kabarordo.kg сайтында Уран Ботобеков менен маек чыккан. Макалага нааразы болгон Икрамжан Илмиянов аны сотко берген жана "кадыр-баркыма шек келтирди" деп, 5 миллион сом доо талап кылган. Бишкектин Свердлов райондук соту Ботобеков Илмияновго 1 млн. 800 миң сом төлөп берсин деген чечим чыгарган. Ошондой эле эки турак жайын камакка алууну өкүм кылган. (SE)

XS
SM
MD
LG