Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

Аксыда жубайлар “Хизб ут-Тахрир” уюмунан чыкканын жарыялашты

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылынын 38 жаштагы тургуну жубайы экөө “Хизб ут-Тахрир” уюмунан чыкканын жарыялашты. Алар 9-июль күнү милицияга келип, мындан ары экстремисттик топко мүчө эместиги жөнүндө арыз жазышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Момун Добулбеков билдирди. Анын айтымында, топтон чыккан жаран 2011-жылы “Хизб ут-Тахрирдин” идеологиясын жайылтканы үчүн соттолгон. Жубайы да күч органдарынын каттоосунда эле.

Ушул тапта Аксыда “Хизб-ут-Тахрирдин” отуздан ашуун мүчөсү бар. Буга чейин да райондо эки адам уюмдан чыкканын жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG