Бул тууралуу 10-июлда Венада Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф маалымдады: "Кээ бир иштер бүткүшү керек. Биз али бүтө элекпиз, биз алга жылуудабыз... Бүгүн болоруна ишенбейм...Сыягы дем алыш күндөрүн Венада өткөрөт окшойбуз."
Буга чейин Корутунду келишим боюнча алты кубатуу держава жана Иран орноткон мөөнөт эки мертебе сакталбай узартылып, тараптар аны 10-июндан калтырбай бүткөрөлү деп макулдашкан.
Р5+1 (АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия) Ирандын уранды байытуусун чектөөгө аракет жасашууда. Буга Иран көнсө, Тегеранга каршы киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар жеңилдетилет.