Афина салык жана пенсия системасын реформалоо боюнча Евробиримдикке 9-июлда жиберген план “негиздүү экен” деп баалады. Аны Евромейкиндиктин финансы министрлери 11-июлда Брюсселде талкуулашат жана министрлер “канткенде да маанилүү чечим кабыл алат” дейт Евротоптун төрагасы Ерон Дейсселблум. Бул маселе 11-июлда Евробиримдиктин финансы министрлери, анын артынан Биримдиктин лидерлери тарабынан каралат. Афинанын планы Грециянын карызын жеңилдетип, өлкөнү финансылык апааттан сактап калат, ошондой эле евромейкиндиктен чыгырылуу мүмкүндүгүнөн сактап калат деген үмүттү жаратты.
Греция салык жана пенсия системасын реформалоого макул