Американын Мичиган штатында адамдарга 35 миллион долларга рак оорулууларынын химия - терапия дарыларын жалган рецепт менен бир нече жыл бою саткан Фарид Фата аттуу догдур 45 жылга кесилди.
500дөн ашуун кишиге рак деген жалган диагноз коюу менен Фата бир нече жыл бою миллиондогон доллардык дары-дармекти саткан деп кабарлайт The Business Insider гезити. Аны соттогон прокурор Барбара Макуид: “Фатанын кылмышы биздин тарыхтагы эң эле орчундуу жана адамкерчиликсиз иш”, - деп баалады. (BCh)