Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Кытайда 800 миңдей киши эвакуацияланды


“Чан-хом” деп аталган чоң бороон Тайвань жана Жапон аралдарынан өтүп Кытайдын Жейцянг жана Шанхай жээктерине сокку урганы турат. Саатына 187 чакырым ылдамдыктагы бул катуу шамалдан сактоо үчүн кытай бийлиги 800 миңден ашуун кишини коопсуз жактарга көчүрдү.

Кытай улуттук метеорологиялык борборунун маалымдоосу боюнча “Чан-хом” 1949-жылдан берки Кытай аймагына келген ири бороондун бири. Шанхайда азыр шамалдын деми сезилип, катуу жамгыр жаап жатат. Кытай бийлиги деңиздеги 29 миң балыкчыны иштерин убактылуу токтото турууга чакырды деп кабарлайт Би-Би-Си. (BCh)

XS
SM
MD
LG