Грекиянын өкмөт башчысы Алексис Ципрастын бүгүн эртең менен билдирүүсүнө караганда, грек парламенти эл аралык кредиторлор менен сүйлөшүүгө ага мандат берди. Ал сүйлөшүү учурунда кредиторлордун талабын угууга жана калкка оор келе турган чегинүүлөргө барууга даярдыгын билдирди.
Кредиторлорго сунушталган жаңы планда пенсияга чыгуу жашын 67 жашка чейин көтөрүү, салыктарды көтөрүү жана мамлекеттин чыгашаларын кыскартуу каралган.
Евро жүгүртүлгөн аймакка кирген 19 мамлекеттин финансы министрлери жаңы планды бүгүн карашат. Ал эми Европа биримдигинин 28 мүчөсү жекшемби күнү грек маселеси боюнча саммитке чогулат. Пландын жактырылышы менен грек өкмөтү 60 млрд. долларга жакын жардам алууну көздөөдө. (AiT)