Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Иран боюнча сүйлөшүүлөр дем алыш күндөрү уланат


Ирандын ядролук программасына байланыштуу ири алты мамлекет менен Ирандын ортосунда Венада жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр дем алыш күндөрү уланат. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда жүрүп жатканын 10-июлда билдирип, кээ бир маселелерди чечип, алдыга жылдык деп белгилеген.

Ирандын тышкы иштер министри Мохамад Жавад Зариф да сүйлөшүүдө алдыга жылуу бар экенин белгилеп, "бирок көздөгөн жерибизге жете элекпиз" деген.

Ирандын ядролук программасын чектөө максатында эл аралык санкция киргизилген. Венадагы сүйлөшүүдө санкцияларды алуу жана Ирандын ядролук программасын чечүү маселелери талкууланууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG