Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Аксыда Уран Ботобековду коргоо комитети митинг өткөрөт


Митингди уюштуруу комитетинин мүчөсү Камчыбек уулу Шекербектин маалымдоосуна караганда, митинг 14-июлда Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн аймагында Малкалды айылында өткөрүлөт. Митингде Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековду кысымга алууну токтотуу талабы бийликке коюлат. Уран Ботобековду коргоо комитетинен кабарлашкандай, аларды катарына Аксыдагы апрель баатырлары жана жергиликтүү акимди кызматтан кетирүү боюнча кыймылдын мүчөлөрү келип кошулушту.

Президенттик аппараттын мурунку биринчи орун басары Икрам Илмияновдун арызынын негизинде Свердлов райондук соту Уран Ботобековду 1 млн. 800 миң сом айыпка жыкты. Соттун чечимине ылайык, Ботобеков бул сумманы Илмияновдун пайдасына төлөп бериш керек. (AiT)

XS
SM
MD
LG