Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Индия өкмөт башчысы Кыргызстанга келди

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, тар чөйрөдө пикир алышты. Учурда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кеңейтилген курамда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди.

Моди өкмөт башчысы Темир Сариев менен да жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулайт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өз ара кызматташууларга байланыштуу төрт документке кол коюлушу күтүлүүдө. Индиянын өкмөт башчысы Кыргызстанга Борбор Азияга болгон сапары алкагында келди. (UEz)

XS
SM
MD
LG