Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Дүйнөлүк жайкы универсиада: Кыргызстан алгачкы медалды утту

Жеңил атлетчи Дарья Маслова ушул күндөрү Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өтүп жаткан 28-дүйнөлүк жайкы универсиада оюндарында Кыргызстандын эсебине алгачкы коло байгени алып келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Республикалык "Жаштык" борборунун директору Эркин Абдылдаев билдирди. Маслова 11-июль күнү 5000 метрге чуркоодо марага үчүнчү болуп келди.

3-июлда башталган Дүйнөлүк жайкы универсиада оюндары 14-июлда аяктайт. Кыргызстандан дзюдо, таэквондо, жеңил атлетика жана стол үстүндөгү теннис спортунан 23 спортчу кеткен. (ECh)

XS
SM
MD
LG