Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мектебин жаңы аймакка куруу иштери башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаанын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди. Анын айтымында, 500 окуучуга ылайыкташкан мектеп Манас-Ата районунда жайгашат. Ал үчүн 2,5 гектар жер бөлүнгөн.
Казак президентинин мектеби үчүн алгач Черемушки кичи районунан жер ажыратылып, 2013-жылы курулуш башталган болчу. Бирок алгачкы жумуштар бүткөн кезде бөлүнгөн жер мектеп үчүн ылайыксыз деген жүйө менен токтоп калган.
Казак президенти мектеп курууга каражатты июнь коогасынан кийин берген. (SE)