Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, соттун чечимине карабастан мыйзам чектеген алиментин бербегендердин көбүн чет жерде жүргөн мигранттар түзөт. Ал эми Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын белгилешинче, алимент төлөгөндөрдүн саны былтыркыдан миңге көбөйгөн.
Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жана ажырашуудан кийин белгиленген суммада балдарына алимент төлөө милдеттенмеси сот тарабынан чечилет.
Быйыл парламент алимент төлөөдөн качкан ата-энелердин карызынын өлчөмүн үч эселеп кайтарып алуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган. (КЕ/AiJ)